Баткенде айылдардын аталыштары өзгөртүлдү
3701
Президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы бүгүн, 1-январда күчүнө кирди. Ага ылайык, Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аталышы өзгөртүлдү.
Аталыштары өзгөртүлгөн аймактар:
- Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы - Айрыбаз айыл аймагы;
- Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы - Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы;
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы - Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы;
- Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы - Исхак-Полотхан айыл аймагы;
- Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы;
- Лейлек районунун Маргун айыл аймагы - Кең-Талаа айыл аймагы;
- Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы
- Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы;
- Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы;
- Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы;
- Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы - Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы;
- Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы - Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы болуп кайра аталды.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/9783