Аманова, Салымбеков, Шеримкулов. Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарын алгандардын тизмеси
RU

Аманова, Салымбеков, Шеримкулов. Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарын алгандардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмерлерине жана маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар берүү жөнүндө жарлык чыгарды. Сыйлык Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналат.

ll даражадагы "Достық" ордени менен сыйлангандар:

  • Апас Жумагулов - Кыргыз Республикасынын Баатыры, экс-премьер-министр;
  • Медетхан Шеримкулов - Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин мурдагы төрагасы;
  • Роза Аманова - Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дастанчы, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор;
  • Абдылдажан Акматалиев - Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору;
  • Муратбек Иманалиев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштеринин мурдагы министри;
  • Тилектеш Ишемкулов - профессор, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси;
  • Руслан Казакбаев - Кыргызстандын Түркиядагы элчиси;
  • Сүйүнбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын статс-катчысы;
  • Арзыбек Кожошев - Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри;
  • Саламат Табышева - Мухтар Ауэзов атындагы фонддун Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси.

Казак президентинин Ардак грамотасы менен:

  • Нурлан Абдиралиев - Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, "Достук" ансамблинин солисти;
  • Турсун Акматаева - Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү;
  • Азамат Жаманкулов - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты экс-министри;
  • Кайрат Иманалиев - УТРКнын башкы директору;
  • Алмазбек Истамбаев - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору;
  • Канат Керезбеков - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи;
  • Бактыбек Кудайбергенов - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Кыргызбай Осмонов - Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын директору;
  • Аскар Салымбеков - "Дордой" ассоциациясынын ардактуу директору ;
  • Эркин Тентишев - С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү;
  • Бахыт Чермашев - "Хабар" телеканалынын кабарчысы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanarip.kaktus.media/9612