"Казак" каймана аты менен жүргөн кримавторитет кармалды
RU

"Казак" каймана аты менен жүргөн кримавторитет кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Казак" каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарында кармалды. Бул туурасында ИИМден кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 11-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутуп, сабап, изин жашырып кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул факты боюнча 280-берененин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрөдө "Казак" каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран жана анын шериги 37 жаштагы Б.С. кармалды.

Алар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanarip.kaktus.media/9543