"Кулактарын кесип". Коопсуздук кеңешинин чек арадагы жаңжал боюнча маанилүү билдирүүлөрү
1967
Бүгүн, 19-сентябрда Коопсуздук кеңеши маалымат жыйын өткөрдү. Баткендеги жаңжал тууралуу айткан маанилүү сөздөрү.
- Тажик тарап жаңжалдан эки, үч күн мурун эле агрессияга даярдана баштаган. Кыргызстандын чек арачылары тажик тарапка такталбаган жерлерге кирбөөнү эскерткенине карабай биринчи болуп ок чыгара башташкан.
- Тажикстандын Коопсуздук кеңеши менен ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүлгөн. Буйрукка карабай алар кайра аткылоону башташкан.
- Айрым кыргызстандык жоокерлер мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аскерлердин сөөктөрүн мазактап, кулактарын кескилеп салышкан.
- 16-сентябрда катуу атышуу болуп жаткан учурда Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы менен жолуга алган эмес. Атышуу алардын жолугушуусуна тоскоолдук жараткан. (Бирок Ташиев 16-сентябрда Тажикстандын аймагы - Исфара шаарында жолугушуу өткөнүн билдирген эле).
- Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 35 адам каза болуп, 25 тажик жараны жарадар болгонун кабарлаган.
- Кыргызстандын чек арачылары биринчилерден болуп ок аткан жок. Тажик тарап конуштарды тоноп, өрттөп, көп жолу ракеталык системаны колдонушту. Ошондо гана атууга аргасыз болушкан. Жада калса 17-сентябрь күнү алар Чоң-Алайга ок ата баштаганда да аларга жооп беришкен эмес. Кийин снаряддар жакындай баштаганда биздикилер да ата баштады. Ошондо гана алар ок атууну токтотушкан.
- Кыргызстан өзүнүн күчтөрүнө ишенет. Эгер аябай керек болсо гана мобилизация жарыялайбыз. Тажик тарапка окшоп карапайым калкка курал карматпайбыз.
- Тажик элин күнөөлөбөйбүз, айрым саясий чөйрөлөр күнөөлүү. Биз жүздөгөн жылдар бою тынчтыкта жашадык, мындан ары да жашай беребиз. Көйгөйлөрдүн согуштук жактан чечилишине жол бербейбиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/8507