Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси дайындалды. Кыскача өмүр баян
1919
Бакытбек Мажитов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 9-сентябрда Талант Мамытов кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыскача өмүр баяны:
Мажитов Бакытбек Өмүрзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Жогорку юридикалык жана экономикалык билими бар, юридикалык илимдердин кандидаты.
- 1998-2003-жылдары - Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу;
- 1999-2010-жылдары - Жалал-Абад областтык шайлоо комиссиясын шайлоо боюнча юрист-эксперт;
- 2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
- 1999-2015-жылдары - адвокат;
- 2015 - 2020-жылдары - Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрагасы, судьясы;
- 2020-жылдын ноябрь айынан бери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;
- 2016-жылдын сентябрынан 2022-жылдын сентябрына чейин - К. Ш. Токтомаматова атындагы Эл аралык университеттин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (сырттан).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/8294