Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси камакта калтырылды
2761
Ысык-Көл облустук соту Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекованы 11-июлга чейин камакта калтырды.
Мээрим Тилекова 17-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин негизинде опузалап пара алууга шектелип кармалган.
Ал эми Бейшеналиев бул маалыматты четке кагып, кеңешичиси ал акчаны медайымдар күнүн белгилөөгө карата алганын айткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/7298