Кадырбеков: "Акыркы убакта Алымкадыр Бейшеналиевге ынанып, ыраазы болуп бара жатам..."
1887
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балп этип сүйлөп коё бергени менен, жакшы иштеп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин балп этип сүйлөп койгону жакпайт эле. Бирок ишин көрүп, кийинки мезгилде ынанып ыраазы болуп бара жатам. Жакында Алтын Балалыкка барып келдим, бир тыйын бөлүнбөптүр ишти бүтүрүп жатыптыр. Жогорку Кеңеш чыгарган "Жашыл Кыргызстан" деген токтомго реакция кылган жалгыз министр Бейшеналиев. Иштеген кадрларды сактап эле коёлучу, ишин карай бербей", - деди депутат.
Маалымат Super.kg сайтынан алынды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/6439