Эки менчик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандатылды
3119
Монополияга каршы мамлекеттик агенттик рыноктогу лабораториялардын баасына анализ жүргүзүп, натыйжада "Интелмед" (соода маркасы "Бонецкий") жана "Гемотест" лабораторияларында ПЦР-тесттин баасы 1 300 сомго түшүрүлгөнүн аныктады. Буга чейин аталган изилдөөлөр 1 600 сомго жасалып келген.
Тема боюнча:
Аталган мекеме буга чейин мамлекеттик лабораторияларда ПЦР-тест арзандатылганын эске салды.
Ага ылайык, төмөнкүдөй баа коюлган:
- Мамлекеттик Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинде - 788 сом (мурда 1 574 сом болчу);
- Ош райондор аралык санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунда - 927 сом (мурда 1 574 сом болчу);
- Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунда - 896 сом (мурда 1 326 сом болчу).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/5306