Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады
RU

Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү билдлирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу - кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин Мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.

Мамлекет башчысы ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга алаарын белгиледи.

"Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!", - деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://sanarip.kaktus.media/2173