ИИМ балдардын уурдалышы боюнча жалган маалымат тарап жатканын билдирди
2327
Социалдык тармактарда 15-октябрда түштөн кийин Бишкектеги мектептердин биринде бала уурдалып кеткен деген маалымат тараган. Андагы маалыматка караганда, окуя 11-кичи райондогу мектеп-гимназияда болгону, андан башка жагдайлары айтылган эмес.
Жогорудагы маалымат милиция тарабынан текшерилип, чындыкка дал келбей тургандыгы такталды.
Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/17697