Аксыда милиция бөлүмүнүн башчысы менен эсепчиси акча ыйгарып алганга шектелди
1213
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана эсепчиси кармалды. УКМКдан билдиришкендей, кызматкерлер системалуу түрдө акча каражатын ыйгарып алышкан.
Тема боюнча:
Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аксы РИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныкталган.
"Аксы РИИБдин кызмат адамдары системалуу түрдө мамлекеттик сатып алууларды – көмүрдү, кызматтык автотранспорттун тетиктерин, кеңсе товарларын жана башкаларды формалдуу жол менен аффилирленген фирмаларга акча каражаттарын которуп, андан ары накталай ыйгарып алышканы аныкталды. Мындан тышкары аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысы командировка чыгымдарына, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майга бөлүнгөн талондорду да өзүнө ыйгарып алган", - дешет комитеттен.Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2-июлда кезектеги 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып алуу жана ыйгарып алуу аракети учурунда Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.А. А. жана эсепчиси Д.Т. кармалды.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/16543