ЖРТнын жыйынтыгы. "Алтын сертификат" алчулардын тизмеси
2133
2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Белгилүү болгондой, эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы "Мээрим-Себат" Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Эльнура Эркинбекова алды.
"Алтын сертификат" алуу укугуна:
- Бишкек шаарынан – 34;
- Чүй облусунан – 7;
- Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6;
- Жалал-Абад облусунан – 3;
- Нарын облусунан – 3;
- Талас облусунан – 2;
- Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/16433