Үч округ боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү аяктады
№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-майда саат 24:00дө аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
Үч шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 44 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди:
- №5 Ноокат округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 1 аял;
- №36 Ысык-Көл округу боюнча - 20 талапкер;
- №29 Свердлов округу боюнча - 12 талапкер, анын ичинен 2 аял.
Эскерте кетсек, талапкерлер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) 2-июнь саат 18:00дөн кечиктирбестен каттоо үчүн тѳмѳндѳгү документтердин толук пакетин бериши керек:
- шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- иштеген же окуган жеринен маалымкат;
- бекитилген формага ылайык ѳмүр баяны жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалымат.
БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 2024-жылдын 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 2024-жылдын 10-июнан тартып эң активдүү этап - шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.
Аталган үч округ боюнча талапкерлер менен шилтемени басып таанышсаңыз болот.