"Балалыкка карай жол". Максат айылында бала бакча кандай иштейт?
Кыргызстанда балдардын 24% гана бала бакчага барат. Башкаларында мындай мүмкүнчүлүк жок: өлкөдө мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги чоң.
Ал эми Максат айылында тескерисинче. Бул жерде бала бакча бар. Бирок айылда мектепке чейинки жаштагы бөбөктөр көп болгонуна карабай, бала бакчага 70 гана бала барат. Ата-энелердин көпчүлүгү балдарын бул жакка жиберүүгө ашыгышпайт.
Себеби чек ара чырында бала бакча эки жолу бузулган. Бактыга жараша ата-энелер балдарын алып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок, албетте, алар ошол түндү кайра башынан өткөргүсү келишпейт.
"Баткендеги окуясы көргөн балдар - башкача. Мен бул балдардын коркунучка толгон көздөрүн көрдүм. Алардын айрымдары катуу үндөрдү уккандан корксо, кээ бирлери тең салмактуулугун жоготуп же апасы менен ажырашуудан коркушту. Бирок алар бизди ушундай бир кубануу менен тосуп алышты. Алардын көздөрүндө ушунчалык ишеним, үмүт жана кызыгуу бар эле", - дейт чек ара аймактарынан качкан балдар менен иштеген практик психолог Елена Сопрунова.
Ал эми азыр чоңдордун негизги милдети – балдардын жүзүнө жылмаюуну кайтаруу. Ар ким колунан келишинче аракет кылып жатат. Буга өкмөт, эл аралык уюмдар жана жөн эле жакшы адамдар кошулушту.
"Биз бардык балдардын кадимки абалына кайтууга жардам беришибиз керек, - дешет психологдор. - Балдар психологиялык травмаларды жеңүүдө жардамга муктаж. Биз аларга толеранттуулукту жана бири-бирин сыйлоону үйрөтүү үчүн колдоо көргөзүшүбүз керек. Бул аймактагы туруктуу тынчтыкты бекемдөөгө жардам берет".
Албетте, бул иште бала бакчада иштегендердин салымы чоң.
"Биз балдарга ар тараптан жардам бергенге аракет кылып жатабыз, бирок натыйжасы убактылуу. Алар чоңдор арасында сүйлөшүлгөн кайра чыр чыгып кетиши мүмкүндүгү туурагуу сөздөрдү, октун үнүнө окшош катуу үндөрдү укканда кайра баштагы абалына келип калып жатышат. Балдар үй-бүлөдө колдоого абдан муктаж. Биз бул тууралуу ата-энелер менен сүйлөшүп жатабыз,- дейт Максат айылындагы бала бакчанын тарбиячысы Зууракан Мусаева.
Айылдын өзү 1994-жылы негизделген. Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан жана Тажикистандын Согди облусунун Гафур районундагы Овчикалач айылы менен чектешет.
Бул жерде 150гө жакын үй-бүлө жашайт. Бирок бала бакча 2015-жылы гана пайда болгон.
"Бизде көптөн бери бала бакча жок болчу. 2015-жылы жаңы мектеп салынган. Жашоочулардын көптөгөн кайрылууларынан улам мектептин эски имараты бала бакчага берилген. Бирок бала бакчага ылайыктуу эмес болчу. Айыл өкмөтү жана ЮНИСЕФтин жардамы менен имарат жабдылды. Мектептин ичи бош болчу. Ал жайды бала бакча кылуу үчүн уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана менен жабдуу зарыл болду", - дейт мекеменин директору Гүлмира Халилова.
Бала бакчанын бардык талаптарга жооп бергидей кылып жабдуу үчүн беш жыл жана бул жерде иштегендердин көп мээнети, эмгеги сарпталган. Бирок, 2021-жылы жаңжал учурунда бул имарат күйүп кеткен.
"Имарат толугу менен жыгач болгондуктан, андан эч нерсе калган жок. Мындай үйлөр менен жайлар эл арасында "фин" деп аталат", - деп түшүндүрүштү жергиликтүү тургундар.
Кээ бир турак жай имараттары да жабыркаган.
"Үйдөн да, жумуштан да ажырап калуу абдан кыйын. Биз үчүн оор мезгил болду. Бала бакчадан эч нерсе калбай калганда "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков бизге эки кабаттуу заманбап имаратты куруп берди. Имарат калыбына келгенден кийин, иш башталганына 15 күн болгондо (2022-жылы) кайра жаңжал чыгып, бала бакча кайра жабыркады. Жаңжалдан кийин оңдоо иштерин MegaCom компаниясы жүргүзгөн. Азыр кайра иштеп баштадык, бирок тайпаларда балдар аз", - дейт Халилова.
Бактыга жараша, мектепке чейинки мекеменин балдары жана кызматкерлери жабыркаган жок. Бирок конфликт алардын психологиялык абалына катуу таасир эткен.
"Алардын бат ачуулары келип, коркок болуп калышты. Балдар менен психологдор келип иштешти. Натыйжасы болду, бирок убактылуу. Бир канча убакыт өткөндөн кийин балдар мурунку абалына келип жатышат. Балдар эле эмес, биз чоңдорбуз, өзүбүз да ушундай абалдабыз. Бирок алар дагы бир топко чейин барышат", - деди ал. Бардык ойлорубуз бизди бул жерде кандай келечек күтүп жаткандыгы жөнүндө", - дейт мугалим Зууракан Мусаева.
Психологдор баланын жан дүйнөсү биринчи кезекте алардын айланасындагы чоңдордун маанайынан көз каранды экенин айтышат.
"Биз абал курч мезгилде, окуялардан кийин дароо иштедик. Биздин иш шок жана стресстен арылууга багытталган. Биз балдар менен эле эмес, энелер менен да иштеп жаттык. Анткени бала ата-эненин психологиялык абалынан көз каранды. Апалар коопсуздук, үмүт, өзүнө жана келечекке ишеним сезимин берет. Бул баллар аз да болсо стресске кабылганда жардам берүүчү негиз болуп саналат. Эгер эне туруктуулукту көрсөтсө, баланын абалын түшүнсө жана аны менен эмне кылуу керектигин билсе, бала кабылган стресстен чыгарууга, аны менен күрөшүүгө алда канча жеңил болот", - дейт Елена Сопрунова.
Мекеменин администрациясы бала бакчаны кайра-кайра курууга туура келди. "Сейтек Максат" ишканасы мамлекеттин балансында болсо дагы, негизги түйшүк кызматкерлердин мойнунда. Алар бала бакчага мүмкүн болушунча көп тарбияланууну келишин, билип алышын каалашат.
"2022-жылдагы жаңжалдан кийин ички миграция күчөгөндүктөн айылдаштарыбыздын көбү Ош, Бишкек, Жалал-Абадга көчүп кетишти. Азыр кээ бирлери кайтып жатышат, бирок алардын саны аз. Ал тургай кайтып келгендер балдарын бала бакчага берүүгө шашылбай эле. Көпчүлүгү жаңжал кайра чыгып кетсе, балдарды алып кеткенге үлгүрбөй калабыз деп кооптонушат", - дейт Халилова.
"2021-жылы чек ара чырынын башталганын жумушта жүргөндө билдик. Балдар түшкү уйкудан жаңы эле ойгонуп, аларга түштөн кийинки тамакты берүүгө даярданып жатканбыз. Анда балдарды ата-энелеринин колуна бергенге жетишкенбиз. 2022-жылы чыр эртең менен башталып, биз маалыматты тактап жаткан маалда, кээ бир балдар бала бакчага келип же жолдо келе жатышкан. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес, баары чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн", - деди ал.
Гүлмира Халилова чек ара маселеси тез арада чечилет деп үмүттөнөт. Мына ошондо, анын жамааты бардык күч-аракетин бала бакчаны өнүктүрүүгө, балдарды тарбиялоого, мектепке даярдоого багыттай алат деп ишенет. Жалпысынан бул мектепке чейинки мекеменин кадимки эле иши аткарылып, алар жаркын келечекти гана ойлосок экен деген тилекте.