Садыр Жапаров эки күн футбол ойнойт. Президенттин катышуусунда "Мурас" турнири башталды
1354
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Мурас" футбол боюнча мелдеш старт алды. Оюндар 8-9-декабрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 8-декабрда иш-чаранын ачылышы өттү.
Президент өз сөзүндө бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, бул иш-чара эки жылдан бери сергек жашоого үндөө болуп жатканын жана "белгилүү бир жыйынтыктар бар экенин" эске салды.
Турнирдин катышуучулары:
- "Президенттин командасы";
- маданият өкүлдөрү – "Өнөр";
- атактуу ишкерлер - "Бизнес";
- ЖМК өкүлдөрү – "Журналист";
- футбол ардагерлери – "Алга";
- спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациясы";
- Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш";
- президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери – "Аймактар";
- дин өкүлдөрү - "Ыйман";
- ооруканалардын башкы дарыгерлери – "Ден соолук";
- мектеп директорлору, ЖОЖ ректорлору – "Билим";
- сот бийлигинин өкүлдөрү – "Фемида";
- укук коргоо органдарынын жетекчилери - "Коопсуздук";
- атактуу спортчулар - "Спорт жылдыздары";
- Кыргыз Республикасынын элинин ассамблеясы, диаспора лидерлери – "Достук";
- банктардын жетекчилери - "Банктар".
Чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар 9-декабрда болот.
Оюндарды түз эфирде УТРК Спорт жана ЭлТР каналдарынан көрүүгө болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/15105