Даниел Ажиев дагы 2 айга камакта калтырылды
2326
Вебкам студия уюштурганга шектелген Даниел Ажиев дагы 2 айга камакта калтырылды. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, судья мындай чечимди 27-сентябрда кабыл алды.
Белгилүү болгондой, сотто УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Ажиев 29-ноябрга чейин СИЗОдо калды.
Эске салсак, Даниел Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/14591