Ленин округу боюнча кайра шайлоо. 34 адам талапкерлигин көрсөттү
17915
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 34 болду. Бул туурасында БШКдан кабарлашты.
- Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы
- Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы
- Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
- Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер
- Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты
- Куттубек Асылбеков - пенсионер
- Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог
- Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер
- Токтогул Какчекеев - пенсионер
- Жаныбек Абиров - ЖКнын экс-депутаты, "Строй Ленд" компаниясынын директору
- Русланбек Тагаев - убактылуу эч жерде иштебейт
- Бакыт Шаршембиев - "Медутиль" ЖЧКсынын башкы директору
- Нургүл Сооронбаева - дарыгер-педиатр
- Мурат Эсенаманов - убактылуу эч жерде иштебейт
- Ыргал Кадыралиева - убактылуу эч жерде иштебейт
- Ханзада Осмоналиева - Коргоо министрлигинде аскер кызматкери
- Жамалбек Ырсалиев - "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын директору
- Аттокур уулу Илимбек - убактылуу эч жерде иштебейт
- Таалайбек Кермалиев - "Арпа-Бишкек" компаниясынын коммерциялык директору
- Кубанычбек Самаков - "Биопром" компаниясынын башкы директору
- Чыңгыз Капаров - убактылуу иштебейт
- Жеенбек Искендеров - убактылуу иштебейт
- Карачач Исмаилова - Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында мугалим
- Руслан Ажыбеков - убактылуу иштебейт
- Нургүл Аднаева - КЭУ Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси
- Бактыбек Рысалиев - убактылуу иштебейт
- Нурсултан Абдуллаев - убактылуу иштебейт
- Абдивали Балтабаев - убактылуу иштебейт
- Лейла Саралаева - "Новые лица" ЖЧКсынын башкы директору
- Токтокучук (Токон) Мамытов - Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институту
- Айбек Субанов - Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкери
- Бакыт Керимбеков - убактылуу иштебейт
- Муктарбек Айткулов - убактылуу иштебейт
- Ильязбек Якубов -укук коргоочу, жактоочунун жардамчысы
Белгилесек, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү бүгүн, 10-августта аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/13400