ӨКМ: Толуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт
1818
Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме төмөнкү жолдордо эрежелерди сактоону эскертет:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу 60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/11169