Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде жеңишке жетип, рекорд жаңылады
2098
Атлантика конференциясынын чемпионатында кыргызстандык суучул Денис Петрашов рекорд жаратты. Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришкендей, турнирде суучул 1-орунду алды.
Маалым болгондой, спортчу 200 метр аралыкты брасс ыкмасы менен 1:50:51 убакытта сүзүп, алтын байге тагынды.
"Бул Денисти Америка континентиндеги гана эмес, бүткүл планетадагы мыкты сүзүүчүлөрдүн катарына алып келген укмуштуудай жетишкендик", - деп белгилейт профилдик бирикме.
"Денис Петрашов – эң сонун сууда сүзүүчү жана чыныгы чемпион. Ал, эгер, алдыга максат коюп, талыкпай эмгектенүүгө даяр болсоң, анда укмуштуудай натыйжаларга жетүүгө болорун далилдеди", -
деп айтылат Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынын билдирүүсүндө.Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин 200 метр аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду алган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/10401