Мурдагы №47 колониянын аймагы азыр кандай? Жаңы видео
1969
Бийлик 2019-жылдан тарта бардык түзөтүү мекемелерин – колонияларды жана СИЗОлорду Бишкектин аймагынан чыгарууну убада кылып келет. Себеби, мекеме жайгашкан аймакта кылмыштуулук күчөшү мүмкүн, ошондой эле колониялардын жана имараттары эскирген.
Эң алгачкылардан болуп №47 колония бузулду. 8,6 га аянтты ээлеген имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. Мурдагы колония жайгашкан аянтта азыр мечит эле бар.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы колониянын аймагына 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалып жатканын билдирди. Айтымында, бардык аймактарда арзан турак-жай – батирлерди курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда, алар "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу жарандарга берилет.Азырынча курула турган батирлер кандай шартта, качан берилери белгисиз. Адистер бул аймакта кичирайон курууга жетиштүү көлөмдө байланыш жана электр жабдуулары жок экенин айтышты.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://sanarip.kaktus.media/10125